Добавить новость
123ru.net
World News
Сентябрь
2025

БШК: Кыргызстандын жарандары аралыктан добуш бере алышат

0

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) ыктымал парламенттик шайлоону утурлай добуш берүү боюнча мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдүн айрымдары менен тааныштырды.

БШК билдиргендей, быйыл 9-июнда кабыл алынган мыйзамга ылайык “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген.

Алардын бири – аралыктан добуш берүү үчүн онлайн идентификацияны киргизүү. Муну ишке ашыруу үчүн БШК уюштуруу иштерин жана программалык-техникалык камсыздоону даярдап, учурда тесттөө аракеттерин өткөрүүдө.

Онлайн идентификация аркылуу ар бир жаран өзүнүн округунан сырткары каалаган жердеги шайлоо участкасынан аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

“Аралыктан добуш берүү – бул шайлоочулардын туруктуу катталган дареги боюнча шайлоо участогунда добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон учурда жакынкы шайлоо участкасына барып, добуш бере алуу мүмкүнчүлүгү. Бирок шайлоочу өзү катталган шайлоо округунда катталган шайлоо тилкесинде гана добуш бере алат. Бир округдун ичиндеги башка участокко барып добуш берүүгө болбойт”, – деп айтылат БШКнын маалыматында.

Борбордук шайлоо комиссиясы ырастагандай, бул инструмент чет өлкөдө жашаган кыргыз жарандарына добуш берүүсүн жеңилдетүү максатында киргизилген.

Саясий чөйрөдө парламент өзүн-өзү таратып, мөөнөтүнөн мурун шайлоо өтүшү мүмкүн экени тууралуу сөздөр сентябрдын башында күчөгөн. Муну айрым депутаттар ырастап, шайлоо өнөктүгүнө даярдык тымызын башталып жатканын билдиришкен. Парламентте өзүн-өзү таркатуу боюнча 32 депутаттан кол чогултулганы 16-сентябрда белгилүү болгон.

17-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламентти өзүн-өзү таркатуу боюнча 32 депутаттын колу коюлган сунуш ага түшкөнүн жана андагы жүйөлөр негиздүү экенин айткан. Сунуш парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 23-сентябрдагы жыйналышынын күн тартибине киргизилген.

Депутаттык демилгелүү топ спикерге берген катында кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтөрүн, 2027-жылдын январь айына президенттик шайлоо дайындалганын билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясы эки саясий иш-чараны аз убакыттын ичинде өткөрүүгө жетишпей каларын негиз кылган. Алар ошондон улам шайлоону 2025-жылдын аягына чейин кезексиз тартипте өткөрүүнү сунушташкан.

Парламентте өзүн-өзү таркатуу демилгесин депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси же бери дегенде 60тан ашык депутат колдошу керек. Эгерде өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынса, парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Шайлоо болжол менен 30-ноябрда өтөрү айтылууда.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы 2021-жылы шайланып келген. Анын курамы 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялардан, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланган. Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, келерки чакырылыш жалаң бир мандаттуу округдардан шайланып келет. (ErN)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net