Добавить новость
123ru.net
World News
Сентябрь
2025

Абхаз, армян номурлуу 14 миңден ашуун машине мыйзамдаштырылды

0

1-апрелден 21-сентябрга чейин Кыргызстанга мурда Абхазиядан, Армениядан жана Орусиядан мыйзамсыз ташылып келген 14 602 автоунаа мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Бажы саясаты башкармалыгынын башчысы Руслан Тыналиев "Биринчи радиодогу" маегинде билдирди.

Тыналиев чет элдик номурлуу автоунааларды мыйзамдаштыруу иши 1-октябрда токтой турганын, андан кийин мындай номурлуу машинелерди Кыргызстанда айдоого тыюу салынарын эскертти.

"2-октябрдан тартып рейд жүрөт, мыйзамдаштырып жетишпеген автоунаалар машиналарды токтотуу жайына жеткирилет. Унааны баштапкы кожоюну, Армения же Орусиянын жараны гана чыгарып кете алат", - деди Тыналиев.

Кыргызстанда 1-апрелден тартып чет элдик номурлуу автоунааларды мыйзамдаштыруу иши башталган. Биринчи кезекте документи бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген машинелер каттоого алынат. Андан тышкары документи жок автоунааларды башка максатта пайдаланууга - тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Кыймылдаткычынын көлөмү 2 литрге чейинки машинелердин ээлери 50 миң сом, 2 литрден жогору болгондор 100 миң сом төлөйт.

Машиненин документи жок болсо айдоочу ID паспортун, эгерде бар болсо машинени каттоо жөнүндө күбөлүктү, менчик укугун тастыктаган документти (бар болсо), автоунаа издөөдө, күрөөдө эмес экенин тастыктаган маалыматты бериши зарыл.

Мындай автоунааларга 10-аймак катары мамлекеттик номурлар берилет. Машине катталгандан кийин аны башка адамга сатууга, чет өлкөгө чыгарып кетүүгө, ошондой эле такси кызматына пайдаланууга тыюу салынат.

Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунаа ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия өлкөлөрүнөн оң рулдуу машинелер кирип жатат. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан алынып келинген автоунааны башка бирөөгө берүүгө жана ишеним кат менен сатууга мыйзам жол бербейт. Машинени ЕАЭБ аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Автоунаалар Кыргызстанда катталбайт. (КЕ)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net