Добавить новость
123ru.net
World News
Сентябрь
2025

Куреновдун иши: Сот төрт кишинин өкүмү тууралуу маалымат берди

0

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы камактагы активист Тилекмат Куреновдун (Кудайберген уулу) иши боюнча кармалган төрт кишиге Свердлов райондук соту чыгарган чечимдер тууралуу 22-сентябрда кенен маалымат берди.
Алардын бири – укук коргоочу Рита Карасартовага чыккан өкүм отурум жыйынтыкталган 18-сентябрь күнү эле белгилүү болгон. Сот Карасартованы ага коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, “Массалык башаламандыктар” беренеси менен беш жылга пробациялык мөөнөт белгилеп, ал эми “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси боюнча 50 миң сом айып пул салуу чечимин чыгарган. Укук коргоочу эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде сот залынан бошотулган.
Калган үч киши – С.Ф.А., М.О.Б. жана Ш.Э.К. аттуу жарандарга да ушуга окшош өкүм чыккан. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык баш аламандыктар” жана 327-беренеси – “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” боюнча күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айып пул салынган. Үчөө тең сот залынан бошотулган.
Атайын кызмат 19-апрелде чет жакта жүргөн активист Тилекмат Куренов Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган. Анда жарандык активист конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген. 21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алып, ал бөгөт чара уланып келатат.

Мындан көп өтпөй 14-апрелде Чүй милициясы Куренов менен байланышып, Кыргызстанда массалык башаламандык уюштурууга шек саналган эки адам кармалганын билдирген. Ушул эле күнү укук коргоочу Рита Карасартова Тилекмат Кудайберген уулуна таандык экени айтылган катты Фейсбуктагы баракчасына жарыялагандан кийин кармалып, камалган эле. Төртүнчү киши качан кармалганы белгисиз.
Тилекмат Куренов Кыргызстанда жүргөн мезгилде Бишкектин Свердлов райондук соту 2021-жылы 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы эркиндикке чыккан. Ал коюлган айыптарды четке каккан.
Активист 2022-жылдын октябрь айында Кыргызстандан чыгып кетип, Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындап келаткан. Буга чейин АКШда жүргөнүн айткан. 2024-жылы ноябрь айында Бириккен Араб Эмираттарына барып, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев менен жолукканын кабарлаган. Андан кийин эле паспортун уурдатып жибергенин айтып, Жамгырчиевди күнөөлөгөн. Мурдагы депутат аны четке каккан. Ошондон бери кармалганга чейин Дубайда жүргөн эле. (ErN)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net