Добавить новость
123ru.net
World News
Июль
2025

Москвада "Крокус Сити Холлдогу" теракт боюнча сот башталат

0

Москванын Экинчи округдук соту "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кандуу кол салуу боюнча ишти 4-августта карай баштайт. Бу тууралуу мамлекеттик ТАСС агенттиги кабарлады.

Сот процесси Москва шаардык сотунун имараттарынын биринде өтөт. Ишти үч судья карайт. Сотко чейинки угуу 21-июлда жабык өттү.

Иштин документтери менен тааныш маалымат агенттиктери жазгандай, кылмышка шектүү төрт киши аларга каршы ишти токтотууну, дагы бирөө арачылар сотунун катышуусунда кароону өтүнгөн.

Айыпталуучулар менен алардын адвокаттары: Умеджон Солиев ишти үч судья карасын десе, Зубайдулло Исмоилов, Жабраил Аушев, Жумахон Курбонов жана Исроил Исломов кылмыш ишин токтотууну, Лутфуллои Назримад, Хусейн Медов, Диловар жана Аминжон Исломовдор арачылар сотунун катышуусу менен ишти кароону өтүнгөн.

95 жабырлануучунун таламын талашкан коллегиянын мүчөсү, адвокат Людмила Айвар аскердик сот төрт шектүүгө козголгон кылмыш ишин токтотууну жана арачылар сотун катыштырууну четке какканын ТАСС агенттигине айтып берген.

"Крокус Сити Холлдо" жабыр тарткан деп таанылган 2 миңден ашуун кишинин ичинен 150 жаран сот процессине түздөн-түз катышары да кабарланды.

2024-жылы 22-мартта Москванын сыртындагы "Крокус Сити Холлдо" концерт башталар алдында куралдуу кол салуу болгон. Белгисиз бирөөлөр чогулган элге ок атып, имараттын ичинде өрт койгон. Өрттү 23-мартта гана толук өчүрүшкөн. Кандуу чабуулда 149 киши өлүп, 500дөн ашуун адам жабыркаган.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги теракттан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошкон.

Кандуу чабуулга айыпталып тажик тектүү жарандар кармалган соң Орусияга Борбор Азиядан барган мигранттардын жашоосу кыйындады. Эки жылдан бери мигранттар тынымсыз рейд, депортацияга дуушар болуп, орус бийлиги чет элдик жарандардын укугу менен эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууда.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net