Добавить новость
123ru.net
World News
Июль
2025

Улуттук госпиталдын жамааты дарыгерди сабаган күч кызматкери жазасыз калганын айтып чыкты

0

Бишкектеги Улуттук госпиталдын жамааты аталган оорукананын дарыгерлери сабалган окуяларга байланыштуу бийлик башчыларына видео кайрылуу жолдошту.
Оорукананын Фейсбуктагы баракчасына 18-июлда жарыяланган билдирүүдө медициналык кызматкерлерге басым жасалып, ур-токмокко алган учурлар көбөйгөнү, жабыркагандар өч алууга кабылуудан айбыгып арыз жазуудан баш тартууга мажбур экени, айрыкча кол көтөргөн күч органдарынын кызматкерлери жазасыз калып жатканы айтылат.

"Акыркы убакта медицина кызматкерлерине карата кысым, коркутуп-үркүтүү, кесиптик ишмердүүлүккө ачык тоскоолдуктар кескин көбөйдү. Айрым кесиптештерибиз иш учурунда ур-токмокко алынууда. Бирок жабыр тарткан кызматкерлер укук коргоо органдарына арыз менен кайрылуудан баш тартып жатканына баары күбө. Анткени алар эртең өч алуу, ар кандай куугунтук, басымга кабылуудан коркуп, үн катпай унчукпай коюуга аргасыз болушууда. Мисалы жакында эле Лор бөлүмүндө болгон окуяны элдин баары билет. Ал эми кечээ эле болгон окуяда элдин көзүнчө дарыгерди ур-токмокко алган күч органдарынын кызматкерлери жоопко тартылбады. Бул окуя мыйзам баарына бирдей эмес экенин, медицина кызматкерлеринин укуктары тебеленип жатканын ачык далилдейт. Кымбат убактысын, түн уйкусун элдин саламаттыгына арнаган ак халатчандар эмне себептен басмырланып, кордук көрүшү керек. Мамлекет дарыгерди коргобосо анда биз кайсы тартипке, кайсы мыйзамга ишенебиз?".

Билдирүүдө бийлик башчыларынан дарыгерлерди коркутуу, басым жасоо фактыларын көз карандысыз, адилет иликтөөнү, жогорку кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүүнү, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандарга чара көрүүнү талап кылышкан.

Бишкектеги Биринчи май райондук млициясы Улуттук госпиталдагы 16-июль күнү дарыгер сабалган окуя тууралуу түшүндүрмө берген. Анда жаңжалы териштирүү маалында тараптар элдешип алганын маалымдаган жана чырга милиция кызматкерлери аралашпаганын белгилеген.

Социалдык тармактарда дарыгерге кол көтөргөн адам Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери экени тууралуу маалыматтар чыккан.
Атайын кызмат жана анын төрагасы Камчыбек Ташиев буга байлыныштуу үн ката элек.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев ооруканаларда дарыгерлер сабалган окуялардан улам ички ички иштер министрине, УКМКнын төрагасына кайрылган.

Улуттук госпиталда ага чейин дагы бир дарыгер сабалган учур катталган. Оорукананын ординатору менен бейтаптын жакындарынын ортосундагы чыр талаш-талкуу жараткан.

Милиция дарыгерге каршы арыз түшкөнүн билдирген, "майда бейбаштык" беренеси менен иш козгоп, сот аны үч суткага камап койгон жана бул нааразылык жараткан.

Ординатор бейтаптын жакындары аны сабаганын, мээси чайкалып ооруканада жатканын билдирсе, экинчи тарап аны орой мамиле кылып, тилдеди деп милицияга кайрылган.

Бул окуяга байланыштуу Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын жамааты билдирүү тараткан. Анда жамаат Башкы прокуратурага, ИИМге, УКМКга кайрылып, окуяны бейтарап текшерип берүүнү өтүнгөн.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net