Добавить новость
123ru.net
World News
Июнь
2025

АКШ Багдаддагы элчилигинин кызматкерлерин жарым-жартылай эвакуациялоого даярданууда

0

Кошмо Штаттар Ирактагы элчилигиндеги кызматкерлеринин бир бөлүгүн эвакуациялоого даярдык көрүүдө. Мындан тышкары Жакынкы Чыгыштагы аскерлеринин жакындарына башка аймакка чыгып кетүүгө уруксат берилгенин Reuters агенттиги Пентагондогу жана Мамлекеттик департаменттеги булактарына таянып жазды.

АКШ Ирактагы “дипломатиялык кызматкерлеринин санын кыскартары” тууралуу маалыматты Мамлекеттик департаменттен ырасташкан.

АКШдагы жана Ирактагы булактар Багдаддагы элчиликтин кызматкерлерин эвакуациялоо иши аймактагы коопсуздук маселесине байланыштуу экенин айтышкан. Ак үй да бул кабарды ырастап, Ирактагы дипломаттардын канчасы чыгып кетери тууралуу тактаган эмес.

Атын атабаган АКШ администрациясынын өкүлү агенттикке коргоо министри Пит Хегсет айрым өлкөлөрдө кызмат өтөп жаткан аскерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө чыгып кетүүгө уруксат берди. Бул өлкөлөр - АКШнын Борбордук командачылыгынын жоопкерчилик зонасына кирген Катар же Бахрейн болушу мүмкүн.

Талдоочулар акыркы окуяларды АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалууну өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдө оң жылыш болбогондугуна байланыштырууда. Шаршембиде АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран уранды байытуудан баш тартууга көнөт деген ишеними акталбай жатканын билдирген.

Вашингтон сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаса, Тегерандын өзөктүк куралга ээ болуусуна жол бербөө үчүн чара көрөрүн, керек болсо сокку урарын четке каккан эмес. Иран бийлиги мындай мүдөөсү жоктугун билдирүүдө. Ошол эле учурда, алар уранды байытууну токтото албай турганын айтышууда.

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын Жакынкы Чыгыш боюнча жооптуу башчысы, генерал Майкл Курилла Өкүлдөр палатасынын жыйынында Иранга сокку уруу планын даярдаганын билдирди. Аны коргоо министри Пит Хегсетке жана президент Дональд Трампка тапшырган. Ирандын коргоо министри Азиз Насирзаде шаршембиде билдиргендей, эгер АКШ Иранга сокку урса, анда Тегеран жооп катары аймактагы америкалык базаларга чабуул коёт. Бул базалар Кувейтте, Катарда, Бахрейнде, Бириккен Араб Эмираттарында жана Иракта жайгашкан.

Учурда Иракта Иранга ыктаган күчтөрдүн таасири күчтүү бойдон калууда.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net