Добавить новость
123ru.net
World News
Июнь
2025

Атамбаев бийликке анын ишин Гаага сотунда кароону сунуш кылды

0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын бийлигине анын ишин Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда териштирүүнү сунуштады. Бүгүн 7-июнда ал Фейсбуктагы баракчасына кайрылуу жарыялап, Кой-Таш иши боюнча жакында чыккан сот өкүмүнө байланыштуу пикирин билдирди. Кайрылуунун аныктыгын “Азаттыкка” анын уулу Кадырбек Атамбаев тастыктады.
“Президент Садыр Жапаров Убактылуу өкмөт Бакиевдин иши боюнча ачык соттук териштирүүдөн коркуп жаткандай айтты. Мени коррупциядан тартып адам өлтүрүүгө чейинки көптөгөн кылмыштарга айыптады. Ошондуктан бийликке конкреттүү кадам сунуш кылам: Рим статутун ратификация кылгыла жана Башкы прокуратурага Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу тапшырмасын бергиле. Мен ал жерге өзүм барып, дарегиме айтылган саясийден тартып кылмыш кинелерине чейинки бардык айыптоолор боюнча жооп берүүгө даярмын. Баары чындыкты уксун. Эгер бийлик адилет иш кылып жатканына ишенсе, ал эл аралык трибуналдан коркпойт. Ал эми эгер Гаагада мени айыптуу деп табышса, анда темир тор артында кайсы гана мөөнөт болбосун, өтөөгө даярмын”, - деди ал.
Атамбаев ката кетирген учурлары болгонун, анысын дайым мойнуна алып келгенин, “ойдон чыгарылган өкүм” менен дээрлик 1,5 жыл бир камерада жалгыз кармалганын айтты.
“Президенттик мөөнөтүн таза иштеп бүткөндөн кийин” өз ыктыяры менен кызматтан кеткенине сегиз жыл болгонун, саясаттан алыстап, мамлекеттик иштерге аралашпай жүрсө да “азыркы бийлик анын өзүн, тарапташтарын жана жакындарын куугунтуктап жатканын” айткан мурдагы президент Фарид Ниязовдон, Ирина Карамушкинадан жана башка тарапкерлеринен алардын “азап тартуусуна себепчи болуп калганы” үчүн кечирим сурады жана бийликти аларды бошотууга чакырды.
Бийлик өкүлдөрү Атамбаевдин бул кайрылуусуна азырынча комментарий же жооп бере элек.
3-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кой-Таш иши” боюнча Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискациялоого өкүм кылган, окуяга аралашкан делген үч кишини сот залынан камакка алып, башка тарапташтарына пробациялык жаза берген.
4-июнда президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде "соттордун ишине кийлигишпегенин, нааразы тарап жогорку инстанцияга кайрылса болорун" айткан жана Атамбаевдин өкүмүн эч ким өзгөртө албасын, бирок эгер ал мунапыс сурап кайрылса аткарышы мүмкүндүгүн билдирген.

"Соттор мынча катуу кетпесе деле болот эле деп ойлойм. Албетте, бул менин сотторго таңуулаган оюм эмес, жеке жарандык оюм. Пробация же айыппул салуу менен эле чектелсе жакшы болмок деп ойлойм. Бирок, бир чети, ал окуяда адам өлүп жатат. Жүзгө жакын киши жаракат алып жатат. Соттун чечими оор болобу же жеңил болобу, кандай болгондо да, ал мыйзам чегинде кабыл алынды", - деген Жапаров.

Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевдин “Бул чечимди мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн соодалашууга пайдаланышат” деп айтканына байланыштуу суроого Жапаров “аны алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай мен Бакиевге милдеттүү же карыз эмесмин” деп жооп берген.
"Бакиевди алып келүүгө, чынымды айтсам, мен кызыкдар эмесмин. Тескерисинче, өздөрү кызыкдар болуш керек эле. 2010-жылдан бери “Бакиевди алып келели десек, Беларус тарап бербей жатат” деп элди алдап келишпеди беле. Ушул калптары элге ачыкталып калды", - деген президент Жапаров.
Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.
2019-жылы аны колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон. (RK)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net