Добавить новость
123ru.net
World News
Ноябрь
2023

Ташиев "интимдик кызматтан колдонгон" аткаминерлердин тизмеси бардыгын айтты

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев WhatsApp мессенжери менен Telegram каналдардагы тайпаларды текшерүүдө интимдик кызмат көрсөткөн 200дөй кыз аныкталганын билдирди.


Маалыматка ылайык, бул тайпалардын уюштуруучулары жана кыздар менен кардарларды байланыштырып турган эки адам кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.


“Бул кыздардын кызматын жогорку кызматтагы адамдар, мамлекеттик кызматкерлер пайдаланган. Алардын ичинде Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары, чиновниктер, депутаттардын жардамчылары, кеңешчилери, ишкерлер, коомдук ишмерлер бар. Ал кыздардын кызматын кимдер колдонгондор тууралуу бизде толук тизме бар. Бизде интимдик кызмат көрсөткөндөрдү калкалаган мамлекеттик кызматкерлерди тактоо иштери жүрүп жатат”.


Ташиев 30-ноябрда Балыкчы шаарында атайын кызматтын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, өлкөдө 1-декабрга чейин интимдик кызмат көрсөткөн жайларды жабуу тапшырмасын бергенин айтты. Эгерде кайсы бир аймакта сойкукана табылса жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, милициянын жетекчилери кызматтан алынарын кошумчалады.


Ноябрь айында атайын кызмат Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн бир катар жайларды аныктап, алардын уюштуруучуларын кармады. Сойкуканаларда иштейт делген ондогон кыздардын бетин ачык көрсөтүп, айрымдарын паспорту, ата-энесинин аты-жөнү жана телефон номуру менен кошо сүрөткө тартып жарыялаган. Атайын кызматтын күнөөсү далилдене элек кыздарды ачык жарыялап, жеке маалыматын жайылтканы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Атайын кызмат муну “алдын алуу иштери” деп түшүндүрдү.


Акыйкатчы Жамила Жаманбаева тийиштүү мамлекеттик органдарды “сойкуканадан кармалды” делген кыздардын жана аялдардын укугун коргоону камсыздоого чакырды.


Кыргызстанда сексуалдык кызмат көрсөтүүнү кылмыш деп атоого негиз болуучу мыйзам же ченемдик акт жок. Андай иш менен алектенгендер жазаланбайт, кармалган учурда “бейбаштык” же “коомдук тартипти бузуу” сыяктуу беренелери менен айып пул салынат. (BTo)




 


 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net