Өзбекстан суу үнөмдөө боюнча өзгөчө режимге өтөт
Президент кырдаалды климаттын өзгөрүүсү олуттуу оорлоштуруп жатканын айтты. Анын айтымында, Өзбекстанда пахта талаасын сугарууга башка мамлекеттерге салыштырмалуу 2-3 эсе суу сарпталат.
"Каналдар менен арыктар бетондолбогон үчүн, ирригациялык системаларда жылына 14 миллиард метр куб же суунун 36% эч кандай пайдасыз коротулат. Жалпысынан суу жоготуудан экономика жылына беш миллиард доллар кирешесинен айрылат", - деди Мирзиёев.
Мындан улам кийинки жыл “каналдарды бетондоо жылы” деп жарыяланып, 1500 чакырым каналды бетондоо тапшырмасы берилди. Андан тышкары, суу үнөмдөө технологияларын киргизе турган дыйканчылык чарбаларына жана ишканаларга жеңилдик менен насыялар берилери кабарланды.
Түркия, Испания жана Кытайдын суу үнөмдөө тажрыйбасын киргизүү сунушталды.
