Добавить новость
123ru.net
World News
Ноябрь
2023

Бишкектеги "Мадина" базарынын соодагерлери иш таштады

0
Бишкектеги "Мадина" базарынын соодагерлери 30-ноябрда иш таштап, өкмөттүн салык саясатына каршы экенин билдиришти.


Алар бул нааразылык акциясын көзөмөл-кассалык машинесин (ККМ) колдонууга каршы уюштурганын айтып жатышат. Базардагы соода күркөлөрүнүн дээрлик баары жабык турганын "Азаттыктын" кабарчысы барып көрдү. Соодагерлер Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушууну талап кылууда.


Мунун алдында "Дордой” базарында иштегендер Акылбек Жапаров жана тиешелүү мекеме жетекчилеринин келишин талап кылып, митинг уюштурушкан. Алар да өкмөт патент менен иштөө системасын калтырып, ишкерлерге шарт түзүп бериши керектигин айтып жатышат. Ал арада маалымат каражаттары "Орто-Сайдын" соодагерлери да митингге чыкканын жазып, видеолорун таратышты.


29-ноябрда Оштогу "Кара-Суу" базарында иштегендер көзөмөл-кассалык машине колдонууга каршы экенин билдирип, Кара-Суу районунун администрациясынын алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Бул окуядан кийин Салык кызматы Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген базарлардагы ишкерлер өзгөчө салык режими менен иштей аларын билдирген. Ушул тапта стратегиялык объектилерге Бишкектеги “Дордой” жана Оштогу “Тураталы эл базары” (ред.: Кара-Суу) базарлары кирет.


Алар 2024-жылдын 1-январынан тартып өзгөчө режимдеги зонанын ичинде товарларды сатууда көзөмөл-кассалык машина, товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуудан бошотулат. Бул ошол базардын ичинде гана болгон соода-сатыкта иштейт.



Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын ККМ колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү жана электрондук эсеп-фактура да киргизилди.
ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салык документи. (BTo/KS/SE)


 




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net