Дүйнөлүк банк Кыргызстанга ыш менен күрөшүүгө 50 млн доллар бөлөт
Акча Кыргызстанда абанын сапаты боюнча маалыматтарды чогултууну жана талдоону жакшыртууга, үйлөрдү экологиялык жактан таза жылытуу системасына өтүүгө жардам берүүгө, Бишкек шаарын жашылдандыруу жана шаардын ирригациялык системасын оңдоого жумшалат.
Бишкек соңку жылдары айрыкча суук түшкөндө дүйнөдөгү абасы булганган жана эң кир шаарлардын сап башынан түшпөй келет.
Кыш мезгилинде борбор калаадагы абанын булганышы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган абанын сапаты боюнча нормадан дээрлик 30 эсеге жогору болот. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын «Бишкектеги абанын булганышы менен күрөшүү: абанын сапатын жакшыртуу боюнча жол картасы» деп аталган иликтөөсүндө айтылган.
Абаны негизинен жер тамдарда жагылган от, Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) түтүнү, шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар, автоунаалар булгай турганы айтылган. (BTo)
