Газада барымтага алынгандардын дагы бир тобу бошотулду
АКШ жана Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС тобу менен Израилдин ортосундагы ок атышпоо режиминин алтынчы күнү аяктады. Маалымат каражаттары эл аралык арачылар Газа тилкесинде ок атпоо режимин улантуу аракетин көрүп жатканын жазды.
Израил ХАМАС менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзө элек. Сүйлөшүүлөр Катар, Египет жана кээде АКШнын ортомчулугу менен өтүүдө.
24-ноябрда жаатташкан эки тараптын ортосунда ок атышпоо жана туткундарды айырбаштоо келишими күчүнө кирген. Убактылуу тынчтык режими алгач төрт күнгө макулдашылып, кийин дагы эки күнгө узартылган. Бул аралыкта ХАМАС радикал уюму барымтадан 51 туткунду бошоткон. Израилдин түрмөлөрүнөн бошотулган палестиндердин саны 350гө жетти.
ХАМАСтын согушкерлери Израилге 7-октябрда кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган.
Газада согуш башталганы 15 миңдей палестин набыт болуп, гуманитардык кризис уланууда. БУУ соңку күндөрү толук курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам киргизүүнү көбөйттү. Бирок ал деле Газа тилкесинде аргасыз жер которгон 1.8 миллион тургундун "эң зарыл керектөөсүнө өп-чап жетерин" дүйнөлүк уюм эскертти.
