Газада ок атпоо режими дагы бир күнгө узартылды
CNN кабарлагандай, бейшембиге караган түнү ХАМАС барымтадагылардын бир тобун бошотуп, дагы бошотула турган 10 адамдын тизмесин бергенден кийин гуманитардык тыныгуу узартылды.
АКШ жана Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС тобу менен Израилдин ортосундагы ок атышпоо режими 24-ноябрда күчүнө кирип, улам узартылып келатат. Маалымат каражаттары ХАМАС күн сайын ондон адамды бошотуп жатканын жазууда. Бул аралыкта Израилдин түрмөлөрүнөн бошотулган палестиндердин саны 350гө жетти.
ХАМАСтын согушкерлери Израилге 7-октябрда кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган.
Газада согуш башталганы 15 миңдей палестин набыт болуп, гуманитардык кризис уланууда. БУУ соңку күндөрү толук курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам киргизүүнү көбөйттү. Бирок ал деле Газа тилкесинде аргасыз жер которгон 1.8 миллион тургундун "эң зарыл керектөөсүнө өп-чап жетерин" дүйнөлүк уюм эскертти.
