Тоолуу Карабакты таштай качкан адамдардын саны 100 миңге чамалады
Ушул жылдын башындагы маалыматка караганда, Тоолуу Карабакта 120 миңдей адам жашап жаткан.
Аталган жикчил аймактын бийлиги 20-сентябрдан Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгон жана көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 28-сентябрда жасаган билдирүүсүндө Бакуну "этностук тазалоого" айыптаган. Азербайжандын бийлиги бул дооматты четке кагып, Тоолуу Карабакта жашагандарды азери коомуна "реинтеграция" кылуу аракетин көрүп жатканын билдирген.
28-сентябрда эл аралык коомчулук тааныбаган аймактын лидери Самвел Шахрамян "Тоолуу Карабак республикасы" деген түзүмдү 2024-жылдын 1-январында жоюу тууралуу буйрукка кол койгон.
Тоолуу Карабактан агылган качкындар үчүн аймакты Армения байланыштырган Лачын коридорунун жанында гуманитардык борбор ачылган.
