Добавить новость
123ru.net
World News
Сентябрь
2023

Мадумаровдун тарапташтары соттун алдына чогулуп, аны бошотууну талап кылууда

0
Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында 13-сентябрда  "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты, оппозиционер Адахан Мадумаровдун 50дөн ашуун тарапташтары чогулду. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, алар партиянын желегин көтөрүп турушат жана депутатты бошотууну талап кылууда. Сот имаратына эч ким киргизилген жок. Анан себебин күч кызматкерлери түшүндүрбөдү.


Шаардык сотто бүгүн Мадумаровдун бөгөт чарасы жана аны кармоонун мыйзамдуулугу каралат. Тарапташтары депутат сотко алып келингенин билдиришти. Бирок жараян башталдыбы, жокпу белгисиз.


Адахан Мадумаров 2-сентябрда камакка алынган. ИИМ ага Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") менен айып коюлганын билдирген. Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 24-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырган.


Адвокаттар анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча шаардык сотко арыз беришкен.



Башкы прокуратура парламенттен 22-июнда Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга макулдук алган. Анда “бийликтен аша чабуу” деген берене менен айып коюлган. Башкы көзөмөл органынынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.



Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.



Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атады. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп 2008-2009-жылы бир жыл иштеген. Ошол маалда Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.



Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.



Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы лидери Адахан Мадумаровдун камакка алынышы жана ага коюлган айыптын мыйзамдуулугун териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүү өтүнүчү менен парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевге кат жолдогон. Маселе парламентте качан каралары азырынча белгисиз. (TSh/KE)





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net