Добавить новость
123ru.net
World News
Сентябрь
2023

“Альянс” Алимжановдун мандаты тууралуу ишти калыс кароого чакырды

0
Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясы өз мүчөсү, депутат Фарходбек Алимжановдун мандатын жокко чыгарган Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) токтому жана ага байланыштуу сот иштерине байланыштуу билдирүү таратып, маселени калыс жана адилет кароого чакырды. Фракциянын билдирүүсү 13-сентябрда анын социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында жарыяланды.


“Парламенттик “Альянс” фракциясы Фарходбек Алимжановдун депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча кабыл алган БШКнын токтомуна тынчсыздануусун билдирет жана аталган чечим менен макул эмес. БШКнын бул чечимине Алимжановдун 2016-жылы ОшМУда мыйзамдуу түрдө алган дипломунун 7 жылдан ашык убакыттан кийин “жараксыз” деп табылышы негиз болгон. Кесиптешибиздин айтымында, ал бардык талап кылынган сынактардытапшырып, айрымдарын экстернат катары аяктаган. Ал эми анын диссертациясынын темасын коргоо учурундагы талкуу көп убакыт өтсө да, азыркы күнгө чейин ОшМУнун окутуучуларынын эсинде. Ошондой эле ОшМУда да, Башкаруу академиясында да окуганын Алимжановдун курсташтарынын көптөгөн пикирлери жана Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын бүтүндөй сүрөт галереясы жана бүтүрүү кечелери тастыктайт”, – деп айтылат билдирүүдө.


Улуттук коопсуздук комитети мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун текшерүү өнөктүгүнүн алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановдун ("Альянс") дипломдору жасалма экенин аныктаганын жарыялап, 2022-жылы БШКга маалымат берген. Андан соң Билим берүү жана илим министрлиги да дипломдору жасалма деп шек саналган депутаттар тууралуу материалдарды Боршайкомго жөнөткөнү маалым болгон.


БШК диплом чырына байланыштуу Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановду быйыл 6-июлда мандатынан ажыраткан.


Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаган. Ал эми Алимжанов жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында алган.


Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен. Алар БШКнын чечими боюнча сотко арызданышкан.


Бишкек шаардык административдик соту 3-4-августта депутаттардын ишин карап, экөөнүн тең арызын канааттандырган эмес. Мындан соң эл өкүлдөрү Бишкек шаардык сотуна даттанышкан. Шаардык сот Фархат Исмаиловдун арызын 20-сентябрда, Фарходбек Алимжановдун арызын 28-сентябрда карайт. (ErN)




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net