Добавить новость
123ru.net
World News
Сентябрь
2023

Казакстанда камакта отурган Эрмек Маркабаевдин маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

0
Казакстанда бир нече айдан бери камакта отурган кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевдин маселеси бүгүн 13-сентябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Балбак Түлөбаев кыргыз бийлигинен ал боюнча расмий маалымат берүүнү сурап, Ички иштер министрлигине, Тышкы иштер министрлигине жана акыйкатчыга протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү:


«Социалдык түйүндөрдөн баарын көрүп жатабыз – кандай кармалганын, чөнтөгүнө кантип салганын… Бул биздин жарандын тагдыры эмне болуп жатат? Тышкы иштер министрлиги расмий билдирип койсоңуздар. Көрүнгөнү эле жакшы иштеп жаткан ийгиликтүү кыргыз бизнесменин ушинтип саботаж кылып, чагым кылып кармай береби?».


22-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ишкердин укугун коргоо аракети көрүлүп жатканын, иликтөөдө эл аралык укуктук ченемдердин сакталышын камсыз кылуу өтүнүчү менен Казакстандын тийиштүү органдарына эки жолу нота жөнөткөнүн маалымдаган.


Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов Маркабаевге жолугуп чыкканын, ал иштеткен ири базарда рейдерлик басып алуу аракети жүрүп жатканын айтып бергенин, анын ишинде бир топ күмөн жагдайлар бар экенин “Азаттыкка” 6-июлда билдирген.


Окуя быйыл 2-июнда Алматы облусунун аймагында, Алматы–Бишкек автожолунда болгон. Полицияга куралчан адамдар бара жаткан машина тууралуу анонимдик маалымат түшүп, “Алтын Орда” базарынын директорунун орун басары Маркабаевдин машинасы токтотулган. Жансакчысы текшерилип, анын алып жүргөн куралынын бардык документтери жайында болуп чыккан. Бирок ошол эле замат маңзатка байланыштуу жаңы айып коюлуп, иш козголуп, Маркабаев камакка алынган.


Интернетте Маркабаевди полиция куралчан күч кызматкерлеринин коштоосунда кармап жаткан учур тартылган видео тараган. Видеону чөнтөк телефонуна тартып алган аял ага баңги затын атайылап салып коюшканын көргөнүн айткан.


Маркабаев Алматыдагы бизнесин бул өлкөнүн мурдагы бийлиги тушунда тарттырып жибергени, былтыр сот аркылуу аны кайра кайтарып алганы жана жаңылоо иштерин жүргүзүп жатканы кабарланган. Ал Алматы шаарында тергөө абагында отурат. Ишти Алматы полициясы тергеп жатат. (RK)





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net