Добавить новость
123ru.net
World News
Сентябрь
2023

АКШ элчилиги Болот Темировго байланыштуу сот чечими боюнча билдирүү жасады

0
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги иликтөөчү журналист Болот Темировго каршы өкүм Жогорку Сотто да колдоо тапканына байланыштуу билдирүү таратты. 12-сентябрда жарыяланган билдирүүдө Жогорку Соттун Темировдун апелляциясын канааттандыруудан баш тартып, мурдагы сот чечимдерин күчүндө калтырганы капалантары белгиленди.


“Коррупцияга каршы күрөштө эркин медиа өкүлдөрү маанилүү – аларды жазалоо эмес, коргоо керек. Америка Кошмо Штаттары басма сөз эркиндигин туу тутуп, Кыргыз Республикасындагы көз каранды эмес маалымат каражаттарын колдоону уланта берет”, - деп белгиленди элчиликтин билдирүүсүндө.


Кыргызстандын Жогорку Соту 12-сентябрда Темировду өлкөдөн чыгарууга негиз болгон сот чечимдеринин мыйзамдуулугу боюнча маселени карап, Свердлов  райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдерин күчүндө калтырган. Прокурор аларды мыйзамдуу жана негиздүү деп эсептеп, күчүндө калтырууну суранган. Ал эми адвокаттар жокко чыгарып, кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу журналистти актоону өтүнүшкөн. Алар ошондой Темировду Кыргызстандын жараны деп табууну талап кылышкан.


Былтыр ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Болот Темировду маңзат жана чек арадан мыйзамсыз өттү деген айыптар боюнча актап, документке (паспорт) байланыштуу айыптуу деп тапкандан кийин ал дароо Кыргызстандан Москвага мажбурлап чыгарылган. Ушул эле өкүмдү кийин Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. 


Ички иштер министрлиги Темировдун депортацияланышын "анын Кыргызстандан мыйзамсыз алган паспорту жараксыз деп табылганы, Орусиянын жараны болгону үчүн чыгарылды" деп түшүндүргөн. Журналист өзү мындай чечим мыйзамсыз экенин айтып келет.


2022-жылдын январында Темировдун Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Ташиевдин аты аталган.


Ошол эле күнү Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.


Темиров жемкорлукту ашкерелегени үчүн саясий куугунтукка кабылып келатканын бир катар эл аралык уюмдар белгилеп жатат. (RK)





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net