Добавить новость
123ru.net
World News
Сентябрь
2023

Дүйшөмбү шаарында Борбор Азия саммити жана кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү өтөт

0
Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусу жана анын алкагында кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү өтөт. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, 14-сентябрда президент Садыр Жапаров аймактагы мамлекет башчыларынын бешинчи консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапар менен Дүйшөмбүгө барат.


Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары катышат.  Сапар алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.


"Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоону көздөйт",- деп билдирди Азымбакиев.


Жапаров менен Рахмондун соңку жолугушуусу быйыл 2-июнда Чолпон-Атада “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммитинин алкагында өткөн. Анда эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселесине өзгөчө көңүл бурулганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирген.


Тажик президентинин басма сөз кызматы да жолугушуу тууралуу маалыматында чек ара маселесине өзгөчө көңүл бурулганын белгилеп, чек аранын 626 чакырымдык долбоордук сызыгынын 102 чакырымы соңку 1,5 жылда макулдашылып жазылганын маалымдаган.


Кыргыз тараптын эсебинде долбоордук сызык (орток пикир табылган) бүгүнкү күндө 682 чакырымды түзүүдө.


Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин 2022-жылдын 17-апрелинде эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.


2021-жылдын жазында жана 2022-жылдын күзүндө кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон, миңдеген жергиликтүү тургун үй-жайын убактылуу таштап качууга мажбур болгон. (RK)





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net