Добавить новость
123ru.net
World News
Июль
2023

ЕККУ Өзбекстандагы президенттик шайлоо тууралуу корутунду жарыялады

0
Өзбекстанда 9-июлда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо "техникалык жактан жакшы уюштурулган", бирок "чыныгы атаандаштык болгон жок". Бул тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулары билдиришти.


"Катталган бардык талапкерлерде эркин үгүт жүргүзүү мүмкүндүгү болду. Аларга үгүт материалдарын өндүрүүдө, таркатууда, иш-чараларды уюштурууда жана мамлекеттик каржылоого жетүүдө бирдей шарттар түзүлгөн", – деди ЕККУнун байкоочулар миссиясынын башчысы Урсула Гацек Ташкенттеги басма сөз жыйынында.


Анын айтымында, ошол эле маалда шайлоо өнөктүгү "жигердүү жүрбөй", айрым үгүт жыйындарында сүйлөгөн шайлоочулардын сөздөрү "алдын ала даярдалгандай көрүндү". Мындан тышкары талапкерлердин бири да үгүт иштеринин жүрүшүндө "альтернативдүү саясий көз караштарды" айткан жок.


"Талапкерлер мыйзамга ылайык мамлекеттик телеканалдардан бекер эфирдик убактыларды алышты. Бирок үгүт иштерин чагылдырууда чектөөлөр болду, учурдагы президент жаңылыктарда өтө көп көрсөтүлдү", – деди Урсула Гацек.


ЕККУнун байкоочулары жалпысынан шайлоо тынч өткөнүн белгилеп, бирок айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүү процесстерине "терс баасын беришти". Алар олуттуу мыйзам бузуулар катары тиешелүү коргоо чараларысыз түзүлгөн кошумча тизмелерге көп адамдын кошулганын, талап кылынган документтери жок жарандардын шайлоо тилкелерине киргизилгенин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн атынан добуш бергендер болгонун жана жашыруун добуш берүү принциптери сакталбаганын белгилешти.


Гацек Өзбекстандын бийлиги мыйзам тармагында реформаларды жүргүзүүдө ЕККУнун буга чейинки сунуштарынын айрымдарын эске алганын белгилеп, бирок демократиялык жараяндар үчүн маанилүү болуп эсептелген сунуштар "көңүл сыртында калганын" кошумчалады.


ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун 40 кишиден турган байкоочулар миссиясы Өзбекстандагы ишин 7-июнда баштаган. Шайлоо күнү ЕККУга мүчө 26 өлкөдөн дагы 198 байкоочу тартылып, добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг кылышты.


Өз кезегинде КМШнын байкоочулар миссиясы "шайлоо альтернативдүү негизде, демократиялык шайлоолорду өткөрүү принциптерине шайкеш, ачык жана адилет өткөнүн" билдирди.


Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев мөөнөтүнөн эрте өткөрүлгөн президенттик шайлоону 87% добуш менен жеңди. Шайлоодо төрт талапкер ат салышты.




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net