Бала менен үйдө отурган эненин убактысын эмгек стажына кошуу сунушталды
“Эмгек кодексине өзгөртүү киргизип, бала карап үйдө отурган аялдарга ошол убактысын эмгек стажы катары эсептөөгө мүмкүнчүлүк берүү керек”, - деди омбудсмен.
Ошону менен катар Жаманбаева аялдарга карата зордук-зомбулук азайбай жатканын, кыз-келиндерге экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүнө катышуусуна эркектер менен бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүү керектигин, элет жергесинде жашаган аялдарга да бирдей көңүл буруу зарыл болуп жатканын белгиледи.
Кыргызстанда бала төрөлгөндөн кийинки декреттик өргүүгө 1,5-3 жылга чейин убакыт берилет, аны баланын энеси же атасы алса болот.
Статистика комитетинин маалыматына караганда, 7 миллион калкы бар Кыргызстанда эркектер менен аялдардын саны дээрлик бирдей. Аялдар орточо эсеп менен үч же андан көп бала төрөшөт, айыл жергесинде төрт же андан көп. Эмгек рыногунда аялдарга караганда эркектер көбүрөөк. Жумушсуздар арасында аялдар көптүк кылат, аларга маяна эркектерге караганда азыраак төлөнөт.
Эмгек стажы пенсияга чыгуу үчүн зарыл талаптардын бири. (RK)
