Добавить новость
123ru.net
World News
Июль
2023

Адвокат активист Токтонасыровду күч менен кармап кеткен милиционерлерге каршы арызданат

0
Активист Өндүрүш Токтонасыровду күч менен Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка алып кеткен милиция кызматкерлерине каршы арыз бериле турганын адвокат Агзам Дүйшөналиев билдирди.


Ал активистти кармоо Жазык-процессуалдык кодексине каршы келерин, милиция кызматкерлери өз укуктарынан аша чапканын айтууда.



"Биринчи тергөөчү тарабынан чакыруу барагы берилиши керек. Анда убак-сааты жазылыш керек. Эгер күбө же жабырлануучу келбесе, ошондо гана тергөөчү токтом чыгарып, мажбурлоо жолу менен алып келсе болот. Азыр Өндүрүш Токтонасыров иш боюнча күбө катары өтүп жатат. Милиция кызматкерлери кызматынан аша чапкандыктан, биз арыз менен кайрылабыз".


Адвокат Дүйшөналиев Токтонасыровго козголгон кылмыш ишин тергөөчү "бир топ адамдар тарабынан жасалган" деп квалификациялап жаткандыктан, бул боюнча башкалар жоопко тартылышы мүмкүн экенин кошумчалады.


Кыргызстанда сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо өз оюн эркин билдирип, ар кандай акцияларды тынч жол менен өткөрүп жүрүп таанылган 65 жаштагы Өндүрүш Токтонасыровду 30-июндун түнү  белгисиз кишилер машинеге күчтөп салып кеткенин жакындары көрүп калып, укук коргоочуларга, милицияга кабар беришкен.



Активисттин дайыны үч сааттан кийин ИИМдин Тергөө кызматынан чыккан. 


Кийин ага Кылмыш кодексининин 330-беренесинин экинчи бөлүмүнүн үчүнчү пунктуна ылайык ("Расалык, улут аралык жана аймак аралык кастыкты козутуу (адамдар тобу тарабынан") кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.


Токтонасыров 30-июнда сурактан түнкү саат 11де чыкты. Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында деген негизде активисттин телефонун алып коюшкан. Ал 1-июлда да Тергөө кызматына кирип, тил маселесине байланыштуу кийинки сурак 4-июлга белгиленди.


Тергөө анын Фейсбукка жазган посттору боюнча лингвистикалык экспертиза дайындады. 


Активист Фейсбукта "расалык,  улут аралык кастыкты козуткан, улуттук баалуулуктарды кемсинтүүгө багытталган билдирүүлөрдү тараткан" деген айыпты "ойдон чыгарылган жомок" деп атап, жаран катары өз пикирин жазып келгенин айтып жатат. 


Ички иштер министрлиги эки күндөн бери эч кандай комментарий бере элек. (NT)




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net