Добавить новость
123ru.net
World News
Май
2023

Парламентте Боз-Бөлтөк тоосуна байланышкан маселе каралды

0
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети 30-майдагы жыйында Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк тоосунун аймагында кум-шагыл казууну токтотуу маселеси көтөрүлдү.


Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Медетбек Маметовдун айтымында, Боз-Бөлтөк тоосунун аймагында кум-шагыл, чопо казып алууга 14 компания лицензия алган. Аймакта Кызыл китепке кирген жаныбарлар бар деген маалыматтар түшкөн.  2022-жылы 31-августта Байтик Канай уулунун 200 жылдык мааракесинде президент Садыр Жапаров аны тарыхый жер деп атагандан кийин ишканаларга байланыштуу жумушчу топ түзүлгөн.


Мекемелер аралык жумушчу топ Боз-Бөлтөк тоосунда этномаданий комплекс түзүү, Кызыл китепке кирген өсүмдүктөр менен жаныбарлардын сакталышын камсыздоо маселесин караган.


"Буйрукка кол коюлуп, күчүнө кирип калса, Боз-Бөлтөк тоосуна байланыштуу бардык маселе чечилет. Бирок, Бишкек шаарында жана тегерегиндеги айылдарда материалдардын баасы кескин кымбатташы мүмкүн. Аны дагы эске алгыла. Ошондой эле Боз-Бөлтөк тоосу жайгашкан айыл өкмөттөргө төлөнүп туруучу каражаттар токтотулуп,киреше бир топ азайып калышы мүмкүн”, - деди Медетбек Маметов.


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова аймакты тарыхый-маданий жана жаратылыш мурас катары кабыл алуу үчүн иш аткарылышы керек экенин айтты.


“Тагыраагы, өзгөчө корук түзүп, анын чек арасын аныктоо зарыл. Мындан тышкары, жергиликтүү эл тарабынан көтөрүлгөн көрүстөн маселеси да ачык бойдон калууда. Бул көйгөйлөрдү чечпей туруп, этномаданий комплекс уюштуруу маселесине кирише албайбыз”, - деди Айнура Аскарова.


Комитет мүчөлөрүнүн көпчүлүгү жергиликтүү элдин көпчүлүгү кум-шагыл казууга каршы экенин айтышты.


Эл өкүлдөрү өндүрүштүк ишканалар тургундардын ден соолугуна зыян келтирип, Кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жок болушу, Байтик, Таш-Дөбө, Орок айылдарындагы жайыттардын кыскарышы сыяктуу жүйөлөрдү келтиришти.


Комитет төрагасы Азизбек Турсунбаев жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилери чечкиндүү чара көрүшү керек экенин белгиледи.


“Биз эки сааттан бери башыбызды оорутуп кандай чечим кабыл алабыз деп отурганча ал жакта 40 миң кышты, жүздөгөн машине кум-шагылды сатып жатат. Алар эки эле компания. Мен бул жердеги кесиптештериме кошулам. Силер чечкиндүү кадамга барышыңар керек”, - деди Турсунбаев.


23-майда ааталган комитеттин мүчөлөрү  Боз-Бөлтөктүн тоосунун аймагында кум-шагыл казып алектенген ишканалардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып келген. (TSh)




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net