Добавить новость
123ru.net
World News
Май
2023

Милиция Ниязалиеванын шайлоо штабын жаап, мөөр басып кетти

0
Бишкек шаардык милициясынын тергөөчүлөрү №26 Ленин шайлоо округунан алдын ала эсеп боюнча алдыга чыккан Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында тинтүү жүргүзгөндөн кийин эшигин жаап, мөөр басып кетти. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы жеринен кабарлады.




Талапкердин адвокаты Эркин Ирискулбеков "Азаттыкка" берген комментарийинде "Тинтүү иши эки сааттан ашуун болду. Офистен үч ноутбук жана 30 барак штабдын ишине байланыштуу документтерди алып кетишти. Алардын арасында мыйзамсыз бир нерсе бар деп айта албайм" - деди.


Милиция кызматкерлери интернетте тараган аудио жазмадан соң кылмыш иши козголуп, тинтүү ошонун негизинде жүрүп жатканын маалымдашты. Тергөөчүлөр штабга 29-майда саат 21:00дөрдө келген.


Саясатчы штабдын ачкычын таба албай жатканын айткандан кийин милиция анын жардамчысынын машинесин текшерди. Ачкыч табылбаган соң ИИМдин ыкчам аракеттенчү тобу келип, штабдын эшигин кескилеп киришти.


Тинтүү уланып жатканда Ниязалиева сыртка чыгып журналисттерге комментарий берди. Ал милиция кызматкерлери штабдын ичиндеги документтерди жана башка нерселерди текшерип жатканын белгиледи. Талапкер өзүн начар сезип жаткандыктан дарысын ичкени баратканын да кошумчалады.


Бишкек шаардык милициясы тинтүү тууралуу расмий кабар бере элек.


Мунун алдында интернетте Ниязалиеванын добушуна окшош аялдын шайлоо штабынын кызматкери делген адам менен сүйлөшүүсү тараган. Алар кишилерди ташып келүү, акча берүү жана башка темаларды сүйлөшкөн. Ниязалиева ал видеодогу сөздөр чындыкка дал келбей турганын “Азаттыкка” берген комментарийинде билдирип, аудиону "монтаж" деп сыпаттады.


Жекшембиде №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматтарына ылайык, добуш берүүгө 125 миңдей шайлоочунун 13,95% же, 17 423ү гана катышты. 29 талапкердин ичинен алдыга чыккан Ниязалиева 35%, же 6 242 добуш алган.



Азыркы эсеп боюнча 1 317 добуш менен үчүнчү болуп келген талапкер Эртай Искаков буга чейин Ниязалиеваны добуш сатып алууга айыптап чыккан. Ал бир нече адамдын акча санап отурган видеосун таратып, алар Ниязалиеванын тарапташтары экенин билдирген.


Ниязалиева Фейсбуктагы баракчасында буга байланыштуу айыптоолорго жооп берип, социалдык тармактарда жарыяланган видеолорду "атаандаштардын каралоосу" катары сыпаттаган. Ошол эле маалда ал эч кимдин атын атаган эмес. (AiB\ErN)





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net