Шайлоо: абактагы үч талапкер алган добуштар саналды
Бул тууралуу БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялаган учурда билдирди.
Шайлоодо 29 талапкер ат салышты. Алардын үчөө - Жээнбеков, Сарылдык уулу жана Айтпаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында кармалып турат.
Бул иш боюнча кармалгандарга алгач “массалык башаламандык уюштуруу” деген берене коюлган. Жакында эле Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесине (“Бийликти күч менен басып алуу”) кошулганы белгилүү болгон.
