Талибдер менен кагылышта ирандык чек арачылар каза тапты
Окуя 26-майда, Забул чек ара бөлүгүндө болгон. Маалымат каражаттары талибдер менен Ирандын чек арачылары кагылышканын жазышты. Окуянын чоо-жайы так эмес.
Чек ара кызматынын командачылыгы талибдер "олуттуу жоготууга учураганын" билдирди. Ал эми "Талибан" бир кишиси өлгөнүн гана тастыктады.
Mehr басылмасы кагылышууда " артиллериялык куралдар" колдонулганын жазды.
"Талибандын" Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы "Ислам Эмираты коңшулары менен согушту каалабайт" деп билдирүү таратты.
IRNA агенттиги өткөн аптада Сасоли чек ара бекетинин командирин талибдер өлтүргөнүн кабарлаган.
