Добавить новость
123ru.net
World News
Май
2023

УКМК коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы "өтө оор" болорун эскертти

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен коррупцияга, оор жана өтө оор кылмыштарга каршы күрөштүн экинчи этабы башталып жатканын билдирди. Атайын кызматтын башчысы бул тууралуу 24-майда Фейсбуктагы баракчасына жазып, күрөштүн биринчи этабы эки жарым жылга созулганын белгиледи.


"Экинчи этапты баштоо алдында турабыз, бул этаптын алкагында мыйзам чегинде жазаларды максималдуу колдонобуз, буга чейин колго түшкөн коррупционерлер келтирген зыянын бир нече эсе төлөп, анан соттун чечими менен жеңилирээк жаза алып кутулуп келген. Эми биз коррупционер келтирген зыянды эле эмес, колундагы бардык мүлкүн жана соттон мыйзамдын беренесинде каралган эң жогорку жазаны чектейбиз, көзөмөлдөйбүз".



Ташиев "күрөштү улантуу өтө оор болорун" белгилеп, жеке өзүнө "баладан, бир туугандан, дос-жолдоштордон, туугандардан баш тартууга туура келерин" жазды.



Ал мамлекеттик кызматта иштегендерге кайрылып, мыйзамды бузбай ишин так аткарууга чакырды. "Бир да адам мыйзамсыз жоопкерчиликке тартылбайт" деп кошумчалады.



2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келген бийликтин алгачкы демилгелеринин бири мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз байлык топтогон жемкорлорго экономикалык мунапыс жарыялоо болду. 2021-жылы өкмөт республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсеп ачкан. Эсепке экономикалык мунапыстын жана кылмыштуу жол менен жыйнаган каражаттарын мыйзамдаштыруунун алкагында алынган акча түшөрү жарыяланган.



Күрөштүн алкагында мурунку жана азыркы бир топ аткаминерлер ар кандай кылмыштарга шек саналып кармалып, көпчүлүгү казынага белгилүү суммада акча төлөп, абактан чыгууда.


Президент Жапаров быйыл апрелде "Кабар" агенттигине курган маегинде Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ баарын бириктиргенде эки жарым жылда 10 миллиард сомдон ашык акча чогулганын билдирген.


Кыргыз бийлиги ким канча акча төлөп чыкканын жарыялаганы менен, ал каражаттын кайда жумшаларын купуя кармайт. Коомчулукта муну “кустуруу” жараяны деп аташып, сындагандар да, колдогондор да бар. (ZKo)




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net