Добавить новость
123ru.net
World News
Май
2023

Орунбеков Кадыр Кошалиевдин маегин саясатташтыруунун кереги жок деп билдирди

0
Президент Садыр Жапаровдун маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков 22-майда журналист Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевден алган маегине байланыштуу маалымат таратты.


Фейсбуктагы баракчасындагы билдирүүдө Орунбеков Кадыр Кошалиевди Элдик курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасынан кетирүү талабына минтип жооп берген:



"Элдик курултай бекиткен регламенттин 25-пунктуна ылайык, төрага жана анын орун басарлары делегаттардын көпчүлүк добушу менен шайланат. Демек, Элдик курултайдын өткөрүлгөн убактысынын бүтүшү менен алардын ыйгарым укуктары дагы аяктайт. Кийинки Элдик курултайда, делегаттардын көпчүлүк добушу менен төрага, анын орун басарлары жана катчысы кайрадан дайындалат. Андыктан, Элдик курултайдын төрагасы ар бир кезектеги курултайда жаңылана тургандыгын эске алып, Кадыр Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок деп эсептейбиз", - деп жазды.



Орунбеков Кошалиевдин журналист катары мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиевден алган маектери өзүнүн тандоосу, кесиптик изденүүсү деп саналарын, анын маеги мамлекеттик маалымат каражаттарынан чагылдырылбаганын белгилеген.


Биринчи курултайдын Талас облусу боюнча делегаттары 20-майда жыйын өткөрүп, анда Кошалиевге курултайдын төрагасы катары ишеним көрсөтпөө тууралуу протокол кабыл алынган. Интернетке жарыяланган видеодон жыйынга Кадыр Кошалиев өзү да катышканын, бул сөздөр анын көзүнчө айтылганын көрүүгө болот.



15-майда Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиев менен интервьюсу Ютубдагы жеке каналга жарыяланган. Беларустан башпаанек тапкан мурдагы президент 2010-жылкы Апрель окуясы жана анын бийлиги тушундагы буюртма киши өлтүрүүлөр тууралуу суроолорго жооп берип, актанган. Андан кийин интернетте Кошалиевдин мурдагы президент Аскар Акаев менен маеги жарыяланган. Эки интервью тең коомчулукта сын-талкууга кабылып, Кошалиевди төрагалыктан жана УТРКдан иштен алуу тууралуу маселе көтөрүлгөн.



Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) маек Кадыр Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылганын, ал үчүн УТРК техника жана башка чыгымдарды төлөп бербегенин билдирип, бул боюнча ички иликтөө башталганын кабарлаган. (ZKo)




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net