"Кемпир-Абад" иши: Абактагы Атай Бейшенбек айып изоляторуна камалды
“Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары” жөнүндөгү мыйзамга ылайык, Жаза аткаруу кызматы билдиргендей, “айыпкерлерге жана соттолгондорго тыюу салынган буюмдарды колдонгондугу жана сактагандыгы үчүн мекеме жетекчисинин токтому менен чара көрүлөт”.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан.
Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.
Кармалгандар өздөрүнө тагылган айыптарды "саясий куугунтук" деп айтып келишет. (RK)
