Добавить новость
123ru.net
World News
Май
2023

Лейлек менен Баткендин акимдерине чара көрүү маселеси көтөрүлдү

0
Жогорку Кеңештин 10-майдагы жыйынында депутат Улугбек Ормонов былтыр Баткен жана Лейлек райондорун өнүктүрүүгө берилген акчанын дээрлик көбү пайдаланылбай калганы тууралуу маселе көтөрдү. Депутат ишкерлер мамлекеттен колдоо күтүп жаткан шартта каражат колдонулбай калганын сынга алып, буга байланыштуу район жетекчилерине чара көрүлүшү керектигин эскертти.


Талкууда финансы министринин орун басары Улугбек Календеров акча белгисиз себептерден улам пайдаланылбай калганын ырастады.



"Былтыр эки районго 125 миллион сомдон бөлүнүп берилген. Чечим 2022-жылдын августунда кабыл алынган. Акча бөлүнгөндөн кийин сатып алууларда маселе болуп жатат дешкенинен биз райондук администрация, айыл өкмөттөр менен сүйлөшүп, түздөн түз кеңештерди берип турганбыз. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, бардык багыттар көрсөтүлүп берсе дагы белгисиз себептер менен акча кайтарылып келип калган. Тилекке каршы, бул жакшы көрүнүш болгон жок. Баткен районуна берилген акча толугу менен кайтарылган. Ал эми Лейлек районунда анын 41,8 миллиону иштетилген, калган акча кайтарылган. Быйыл эми акча жылдын башында бөлүндү, мындай учур кайталанбашы керек. Сиздер кабыл алып берген мыйзамга ылайык, мамлекеттик сатып алуулар жөнөкөйлөштүрүлдү. Былтыркы акча колдонулбай калганы боюнча сиздерге дагы маалымат беребиз", - деди Календеров.


Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул эки райондун акимдеринин жоопкерчилигин кароону, иштен алуу өңдүү чара көрүүнү сунуштады.


Президент менен өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов бул маселе караларын, тийиштүү тапшырмалар берилерин маалымдады.



Президент Садыр Жапаров “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзамга 2021-жылы сентябрда кол койгон. Анда жергиликтүү тургундарга салыктык жеңилдиктер, социалдык жактан колдоо, ишкердик үчүн ыңгайлуу шарт түзүү каралган. Тизмеге кирген айыл тургундарынын пенсиясын 2 миң сомго көтөрүү жана жөлөк пулдун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү, электр энергиясын жеңилдетилген шартта берүү каралып жатканы айтылган.


Мыйзамдын шарттарын аткаруу үчүн облусту өнүктүрүүгө бюджеттен жыл сайын 500 миллион бөлүнүп турарын маалымдалган.





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net