Сирия 12 жылдан кийин кайрадан Араб лигасына кошулду
Каирдеги чукул жыйын алдында Египеттин тышкы иштер министри Самех Шукри Сириядагы кризис тынч жол менен, сырттан кийлигишүүсүз жөнгө салынышы керек экенин айтты.
Сириянын мүчөлүгү Лиганын Сауд Арабиясында 19-майда өтүүчү саммитинин алдында калыбына келтирилип отурат.
Al Arabiya телеканалы кабарлагандай, Дамаскиден гуманитардык жардамдын чек арадан өтүшүн камсыздоо, качкындардын кайтып келишине шарт түзүү, камактагылардын бошотулушу, оппозиция менен жаңы Конституцияны иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу талап кылынат.
Араб мамлекеттери өз кезегинде Сирияны калыбына келтирүүгө салым кошууну убада кылып, өнөктөштөрдү аскерлерин чыгарып кетүүгө үндөйт.
Сириянын белгилүү оппозициячыл саясатчысы Йехья Ариди Араб лигасынын кадамына нааразылыгын билдирди.
«Бул Сирия элинин оор абалын жана режимдин өз калкына каршы кылмыштарын көз жаздымда калтырууга тете», - деди ал.
