Грузия: башкаруучу партия талаштуу мыйзам долбоорун кайтарып алды
"Долбоорду биринчи окууда кабыл алуу коомчулукка европалык багыттан артка кайтуу катары көрсөтүлдү. Биз, коомдун ар бир мүчөсү алдында жоопкерчилиги бар бийлик бул мыйзам долбоорун эч кандай шылтоосуз кайра кайтарып алууну чечтик",- деп жазылган кайрылууда.
Тбилисиде "Чет элдик агенттер тууралуу" мыйзамдын кабыл алынышына каршы нааразылык акциялары 8-мартта да уланган. Демонстранттар парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылган. Полиция аларга каршы жаш агызган газ колдонуп, суу бүркүп тараткан. Маалыматтарга караганда, кагылыштын айынан жараат алгандар бар.
Оппозициялык күчтөр бийликти "Орусиянын жолоюна түшүп оюн эркин билдирүү эркиндигин, жарандык активдүүлүктү чектеп жатат" деп айыптаган. Алар долбоор демократияга каршы келерин, Грузиянын Европага кошулуусуна тоскоол болорун эскерткен.
Калайман каршылык акциялары 7-мартта аталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынгандан кийин башталган. Анда дагы полиция демонстранттарды кууп таратып, жаш агызган газ колдонуп, суу менен бүркүп аткан.
Документ Грузияда сырттан 20% ашуун каржылоо алган кандай гана уюм болбосун "чет элдик агент" деп каттоодон өтүүгө милдеттендирген жобо жазылган. Ал шартты аткарбагандарга чоң айып пул каралган.
