Исабеков жүк ташуудагы монополия тууралуу сөздөрдү жокко чыгарды
"Бул жерде монополияштырууга шарт дагы, мүмкүнчүлүк дагы жок.Бизнес өкүлдөрүнүн өздөрүнүн ички-тышкы саясаты бар. Кытай мамлекетинин өзүнүн кызмат үчүн акча алган шарттары жана жол-жобосу бар. Бирок биздин бажыга келгенде ар бир килограмга төлөп берет. Алардын ортосунда кандай саясат болуп жатканынын кызыгы деле жок. Бажы келгенде төлөмдөрүн төлөп бергени гана маанилүү. Жүк ташуучулар менен биз ай сайын жолугуп турабыз. Биз аларга тартипти жана шарттарды түшүндүрөбүз. Монополияштыруу тууралуу бизде фактылар байкалган жок. Ар кандай сөздөр болуп жатат",-деди Исабеков.
Бажы кызматы былтыр 74,3 миллиард сом бажы төлөмдөрүн чогултуп, коюлган планды ашыгы менен аткарганын билдирген. Самат Исабеков анда экспорт-импорт ишин көзөмөлдөөдөн тейлөө форматына өтүп, бажылык тариздөө ишинде коррупциялык көрүнүш толук жоюлганун айткан. Бажыда паракорчулук толук токтоду деген билдирүү коомдо талкуу жараткан.
