Кемпир-Абад иши: Масалиев депутаттарга айып коюуну сындады
"Жогорку Кеңештин эки депутат жашыруун жолугушууларды өткөрүп, массалык башаламандыкка даярдаган деп жазууга силерге ким укук берген? Бизди бир дагы жолу суракка чакырган жок. Силер айтып жаткан убакта мен президент, атайын кызматтын башчысы, башкы прокурор менен жолуккам. Суракка чакыргыла, бардык жолугушууларды айтып берейин. Ал жердеги "такталбаган адамдар менен жолуккан" деген эмне деген сөз?". Мен силерден расмий түшүндүрмө берилишин сурайм,-деди Масалиев.
Коңкубаева кылмыш ишине "жашыруун" деген макам берилгенин айтып, толук маалымат берилбесин айтты. Бакирова түшүндүрмө кийинчерек болорун билдирди.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отуздай саясатчы, активист жана блогер октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат, алардын айрымдары бул күндөрү саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылууда.
Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген, камалгандар болсо муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.
