Добавить новость
123ru.net
World News
Сентябрь
2022

Түркия көчмөндөрдү тосуп алды

0
29-сентябрда Түркиянын Изник көлүнүн жээгинде IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий ачылды. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Казакстандын Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар катышты.


Түркиянын президенти Эрдоган расмий салтанатта буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда, башкача айтканда ата-бабалардын жеринде өткөнүн баса белгиледи.


"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биринчиси ата-бабалардын жеринде -  Кыргызстанда өттү. Калган эки оюнду да Кыргызстан өткөрдү. Төртүнчү иш-чара Изник шаарында өтүп жатат. Негизи 2020-жылы өткөрүлө турган бул иш-чара коронавирус пандемиясынан улам ушуга чейин жылды. Быйыл спортчуларды, меймандарды Изникте тосуп атабыз", - деди Эрдоган.




 


Ачылыш аземин утурлай эки өлкөнүн президенттери жолугушканы кабарланды.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.




 


Ачылыш аземи спортчулардын парады менен башталып, Кыргызстандын курамасынан Бекболот Токтогонов, Нурбек Кожобеков жана Уларбек Күрүчбек уулу өлкөнүн туусун көтөрүп чыгышты. Азем концерттик программа менен жыйынтыкталды.




IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-октябрга чейин уланат. Ага 102 өлкөдөн барган 3 миңдей спортчу катышууда.


Изникке Кыргызстандан 148 атлет келди. Алар спорттун 11 түрү боюнча ат салышат.


Ат оюндарынан көкбөрү жана көкпар, күрөштөн - ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, балбан күрөш, шалвар ​күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана жаа атуудан мелдештер өтөт. Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшүнөн таймаштар көрсөтмө оюндары катары киргизилген.


Алгачкы күндүн олжосу

Көчмөндөр оюндарынын алгачкы күнү кыргызстандык спортчулар көкпар жана салттуу жаа атуу оюндарында күч сынашты.


Жаачылардын таймашына курамадан 12 спортчу катышып, анын тогузу кийинки турга өттү.


Ал эми көкпардан Кыргызстандын командасы түркиялык атаандаштарын 9:3 эсебинде утуп алды. Белгилей кетчү нерсе, Түркиянын көкпар жана көкбөрү курама командаларынын мүчөлөрү - вандык кыргыздар.


Жалпынын бүйүрүн кызыткан бул эки мелдеште Казакстан, Өзбекстан, Монголия жана Венгриянын улакчылары мөөрөй талашат. Кыргызстан кирген "А" тобунда Түркия менен Монголия курамалары да ат салышат.




29-сентябрда "B" тобунда Казакстандын командасы өзбекстандык атаандаштарын 8:1 эсебинде жеңди. Көчмөндөр оюндарында көкпар жана көкбөрүдөн өз-өзүнчө таймаштар болот. Командалар эртең эс алып, мелдеш 1-2-октябрь күндөрү уланат.


IV Дүйнөлүк көчмөндөр таймаштары Изник көлүнүн жээгине атайын курулган 60 гектар аянтта өтүп жатат. Ал жерде спорттук мелдештер, концерттик программалар үчүн атайын сахна жана көргөзмө аянтчалары курулган.


Ошондой эле бул жерде Кыргызстандан жеткирилген ондогон боз үй да тигилген.


Байыркы Изниктин тарыхы

Төртүнчү көчмөндөр оюндарынын Изник шаарында өтүп жатканынын да өзүнчө мааниси бар. Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын жетекчиси, президент Эрдогандын уулу Билал Эрдоган буга чейин Көчмөндөр оюндары Кыргызстандагы Ысык-Көлдө өткөнүн баса белгилеп, быйыл байыркы бабалардан калган оюндар Түркиянын Изник көлүнүн жээгинде өтөрүн айткан.


Дал ушул Изник шаарында 1331-жылы курулган кыргыз жоокерлеринин күмбөзү бар. Президент Жапаров баштаган кыргыз делегациясы 29-сентябрда бул тарыхый жайга токтоп, зыярат кылганга да үлгүрдү.


Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган.




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net