Баткен: Талкаланган 640 үйдүн 430у жараксыз абалда
Мындан тышкары, 11 административдик-стратегиялык объект, 18 социалдык объект (сегиз мектеп, жети бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт), 336 кошумча курулган жай, 197 чарбалык объект, бир автомобилдик көпүрө, 55 автомашина талкаланып, бузулган.
Ушу тапта калыбына келтирүү иштери жүрүүдө, аларга куткаруучулар, ыктыярчылар жана атайын техника тартылган.
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атоодо. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.
Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди, "Озоди" радиосу 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты көз каранды эмес башка булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда. (RK)
