Жеңил өнөр жай тармагынын экологияга таасири талкууланды
“Сапат үчүн” коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлнара Жусупжанова семинардын катышуучуларына айлана-чөйрөнүн глобалдык проблемалары, экологиялык системанын бузулушу жана Кыргызстанда абанын, суунун, топурактын булганып жаткан себептери тууралуу кеңири маалымат берди.
Алар айлана-чөйрөнү өндүрүштүн таасиринен коргоо боюнча эл аралык стандарттардын түрлөрүн, колдонуу ыкмаларын үйрөнүп, аларды өздөштүрүү кандай артыкчылыктарды берери тууралуу маалымат алышты.
Экологдор соңку жылдары айрыкча Бишкекте жана анын чет жакаларында экологиялык кырдаал оорлошуп, мунун айынан адамдар дем алуу органдарынын түрдүү илдеттерине кабылып жатканын белгилөөдө. Чакан тигүү цехтеринен тартып орто жана ири бизнес деңгээлине чыккан ишканалар экологиялык талаптарга жана стандарттарга жараша иштебей жатышканы да көп айтылып келет.
Экологиялык менежменттин негизги принциптери, артыкчылыктары тууралуу маалымат берилген иш-чарага жеңил өнөр жай тармагына тийиштүү бир катар ассоциациялар, уюмдар катышты.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда кездеме жана тигүү тармагы өнөр жай өндүрүшүнүн 7,1 % түзөт. Тигүү фабрикаларынын жана цехтеринин көбү Ош, Бишкек, Каракол, Талас шаарларында жайгашкан. (RK)
