ИИМ: милиция башчыны сындаган кызматкер аялын урганы үчүн иштен алынган
"2021-жылдын 28-июлдагы Ош облустук соттук-медициналык экспертиза
бюросунун кортундусуна ылайык А.Ш жана уулу Ч. уулу Б. жеңил жараат алганы аныкталган. Тартиптик жазаларын эске алуу менен Сыргабек уулу Чубак укук коргоо органдарынан кызматтан бошотуу буйругу чыккан",-деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.
Мунун алдында Чубак Сыргакбек уулу Фейсбук аркылуу кайрылуу жасап, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Абитовду коррупцияга, мыйзамсыз иштерге байланыштуу айыптаган жана мындай көрүнүштү айтып чыкканы үчүн кызматтан алынганын билдирген. Ал аялын урганы тууралуу маалыматка жооп бере элек.
ИИМ тараткан маалыматта Сыргакбек уулу кызматтан алынганына байланыштуу сотко кайрылганын, учурда териштирүү уланып жатканы айтылат.
