Подольск шаарында машина коюп кеткен кыргызстандык кыз оор абалда
"Бул окуяга байланыштуу Орусиянын тиешелүү органдары текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Анын абалы турукташканда башка медициналык жайга которуу маселеси каралат. Бул маселе Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин көзөмөлүндө. Дипломаттар жараат алган жарандын жакын туугандары жана алардын өкүлдөрү менен такай байланышта болуп жатат",- деп жазылган ТИМ тараткан маалыматта.
Буга чейин социалдык тармактарда Подольск шаарында машина коюп кеткен кыргызстандык кыз эс-учуна келбей ооруканада жатканы, жардамга муктаж экени тууралуу маалыматтар чыккан.
21-августта Орусиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында кыргызстандык 14 жарандын өмүрүн кыйылган.
