Көк бөрү: президенттин кубогун “Алай” командасы утту
Нарын облусунун Эмгекчил айылында өткөн көк бөрү боюнча республикалык мелдеште Биринчи лиганын финалында “Алай” оюнчулары Чүй облусунун “Ак-Шумкар” командасын 4:3 эсебинде утуп алды.
Биринчи лигада оюндар 25-агустта башталып, ага 19 команда катышып, алты тайпага бөлүнүп ойношту.
Президенттин кубогу үчүн быйылкы мелдеште Жогорку лигада оюндар болгон жок. Аталган лигадагы төрт команданын: “Сары-Өзөн”, “Ынтымак”, “Достук” жана “Ала-Тоонун” оюнчулары улуттук курама командага мүчө болуп, күзүндө Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында даярданууда.
Ал эми Жогорку лигадагы “Бакубат-Талас” менен “Алай” командалары Биринчи лигада ойноого макулдук беришкен. Ош облусунун “Алай” командасы быйылкы Жеңиш майрамына арналган республикалык мелдеште Биринчи лигада жеңүүчү болуп, Жогорку лигага чыккан эле.
Бүгүн, 31-августта көк бөрү боюнча Биринчи лигадагы финалдык оюндардан сырткары 40 жана 45 жаштан жогорку ардагерлер арасында жыйынтыктоочу оюндар болду. 40 жаштан жогоркулар арасында Таластын командасы Чүй оюнчуларын 5:3 эсебинде утту. 45 жаштан жогоркулар арасында Кыргызстан менен Казакстандын ардагер улакчылары беттешип, 2:1 эсебинде кыргызстандыктар жеңишке жетти. (ECh)
