Германиядагы кыргыздар Эгемендик майрамын белгилешти
Кечелердин биринде сөз сүйлөгөн элчи Өмүрбек Текебаев чет жакта жашаган мекендештер үчүн кыргыз маданиятын тартуулаган мындай кечелердин ролун жана маанисин өзгөчө белгиледи.
Бул салтанаттуу иш-чараларда «Ибарат» фольклордук-этнографиялык ансамблинин музыканттары өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Конокторго ошондой эле кыргыздын музыкалык аспаптары тууралуу да кеңири маалымат берилди.
Концерттик программадан кийин кеченин конокторунун ортосунда таанышуу жана пикир алмашуу болуп, улуттук тамактар тартууланды.
Кечеге чакырылган ардактуу коноктордун арасында жергиликтүү администрациянын, парламенттин, дипломатиялык корпустун жана башка диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү болду.
