Добавить новость
123ru.net
World News
Август
2022

"Чек арага "кирди-чыкты" кылуу үчүн барышкан". Орусияда жол кырсыгы 14 жарандын өмүрүн алды

0
Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгы кыргызстандык 14 жарандын өмүрүн кыйды. Жол кырсыгы 21-августта Николаевск районунун Праскавьина жана Новопасское айылдарынын ортосунда, "Урал" трассасында болгон.


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Орусиядагы элчиликтин маалыматына караганда, жол кырсыгынан 16 адам каза болгон. Алардын 14ү Кыргызстандын жарандары. Дагы үч киши ооруканада жатат, алардын тек-жайы такталууда.


Азырынча каза болгон жарандардын аты-жөнү жарыялана элек.


"Азаттык" кырсыкка кабылгандардын тууганы, кыргызстандык Кубанычбек Эркинжан уулу менен байланышканда, ал мындай маалыматтарды айтып берди:


“Кыргыздар чек арага "кирди-чыкты" кылганы (ред.: Казакстан менен чек арага) барышкан. Анын ичинде экөө менин таанышым болчу. Бири бир тууган бөлөм, бирөө биздин айылдан досумдун иниси эле. Биз жума күнү жолго чыгабыз деп сүйлөшкөнбүз. 17 кыргыз бир кичи автобуста, айдоочусу менен 18 экен. Айдоочусу орус жараны окшойт. Биз дагы ошол маалда өз машинебиз менен жөнөгөнбүз".


Кубанычбек Эркинбек уулу кичи автобустагылар менен бир күндө жолго чыгып, улам байланышып турган. Акыркы жолу бөлөсү менен кырсык болордон бир саат мурун сүйлөшкөнүн билдирди. Анын айтымында, кичи автобустагылар орус-казак чек арасынан өтүп, кайра артка, Орусияга кайтышкан:


"Телефондон улам сүйлөшүп турганбыз. Алар Казакстандын чек арасынан кезексиз эле кирип чыгышты. Биз кийин чыктык. Бөлөм геомаалымат жибергенде “биз артта экенбиз” деген болчумун. Анан жолдо бир аз тыгын болуп калды. Кийин кезек узарып кетти. Телефон чалсам алар өчүк болуп калды. Досторум кырсык болуптур деп айтып калышты. Алар ошол кичи автобус экенин барып, таанышыптыр. Мен чуркап бардым. Бөлөм эң үстүндө экен. Бардык куткаруучу кызматтар келиптир. Кичи автобус жол четинде токтоп турган фуранын артынан токтогон экен. Анын артынан жүк жүктөгөн дагы бир фура сүзүптүр. Былчыйтып эле кыпчып салганын көрдүңөр да. Бөлөмдү, дагы бир аялды, бир баланы ооруканага алып кетишти. Сөөктөрдү өлүкканага алып барышат экен. Ооруканадагылардын абалын билбейм. Бөлөм сүйлөп атат. "Бутум кыймылдабай калды" деди. Досумдун иниси кайтыш болуп калды", - деди ал.



Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөп кеткени маалым болду. Каза болгондордун жакындары үчүн (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору иштеп жатат.




Орусиянын Ульяновск облусунун губернатору Алексей Русских Телеграммдагы расмий каналында ооруканадагыларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын кабарлады.


"Николаев райондук ооруканасында биздин дарыгерлер катуу жол кырсыгында аман калгандардын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүүдө. Эки эркек, бир аял кишинин абалы оор. Аларды Ульяновск шаарындагы адистештирилген травмотология борборуна которууга даярдап жатабыз", - деди ал.




Азырынча кырсыктын чоо-жайы жана кыргызстандыктар кай тараптан баратканы айтыла элек.


Жол кырсыгынын видео, фотолору социалдык тармактарда тарады. Аны тарткан киши токтоп турган кичи автобусту чоң жүк ташуучу машине арттан сүзгөнүн айткан.




Башка маалыматтарда кичи автобус жүрүп бараткан чоң машине менен сүзүшкөнү айтылууда. Интернетте тараган тасмалардан кырсыкка кабылган кичи автобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда кыпчылып калганын, бүктөлүп калганын көрүүгө болот.





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net