Добавить новость
123ru.net
World News
Август
2022

Инженер-блогер жыланга "бут" жасап берди

0
Польшалык окумуштуулар желкесинин кемтиги бар ымыркайды 3D принтердин жардамы менен сактап калды. Румынияда жез доорунда жашап өткөн аялдын сөөгү табылды. Америкалык блогер жыланга «бут» жасап, видеосун YouTube каналына жарыялады. Алдыда илим дүйнөсүндөгү жаңылыктар менен таанышыңыз. 


Ымыркайдын өмүрүн сактап калган 3D принтер

Польшалык Sygnis компаниясынын окумуштуулары жаңы туулган ымыркай үчүн 3D баш сөөк чыгарып берип, анын өмүрүн сактап калышты. 3D баш сөөк операцияга чейинки 96 саат ичинде жасалган. Бул уникалдуу жагдай жөнүндө маалымат компаниянын сайтына жарыяланды.


Польшанын Жешув шаарында желкеси толук өөрчүбөй калган ымыркай жарыкка келген. Бул жөнүндө ал курсакта кезинде дарыгерлер билген эмес. Ымыркай төрөлөрү менен Краковдогу балдар ооруканасына жеткирилген.


Инженерлер медициналык МРТнын жана компьютердик томографиянын негизинде баш сөөктүн моделин жасашкан. Натыйжасыздыктан чоочулаган окумуштуулар 3D басып чыгаруунун дароо эки башка технологиясын колдонушкан.


Сөөк өсүүнүн үстүндө болгондуктан, алдыда ымыркай кыз баш сөөгүндөгү имплантты алмаштыруу үчүн дагы бир канча процедурадан өтүшү керек болот.


Жез дооруна таандык аялдын сөөгү табылды

Румыниянын Орадя шаарынан анча алыс эмес жерде жол куруу учурунда бир канча байыркы объект табылды. Алардын арасында жез доорунда жашаган коомдо орду бар аялдын сөөгү да бар. Бул жөнүндө Орадя шаарында жайгашкан жергиликтүү музей өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.




Маалыматка ишенсек, сөөгү табылган аял Тисаполгар-Романешт маданиятынын өкүлү болгон. Бул маданиятка таандык адамдар жер иштетип, мал кармап, чопо үйлөрдө жашашкан. Аял биздин заманга чейинки 4500-4000 жыл мурда жашаган.


Дагы бир кызыктуу жагдай, аны чачына тагылган 169 алтын шакекче менен коша көмүшкөн. Мындан тышкары жез билериги, эки алтын жана 800 сөөк мончогу кошо табылган. Бул анын коомдогу бийик макамынан кабар берип турат. Сөөк так курагын аныктоо үчүн экспертизага жөнөтүлдү.




Блогер жыланга «бут» жасап берди

Америкалык блогер Аллен Пэн жыландар үчүн экзоскелет жасады. Анын төрт буту жана жылан жайгаша турган түтүгү бар. Аллен Пэн жаңы тажрыйбасын видеого тартып, өзүнүн YouTube каналына жарыялаган. Узаган аптада бул видео социалдык тармактарда кызуу талкууланды.




Видеодо блогер жыланды түтүккө жайгаштырып, экзоскелетти иштетет. Башында жылан түтүккө кирбей, каршылык көрсөтөт. Качан гана түтүккө жайгашып, экзоскелет ордунан жылгандан кийин гана ал тынчтанып калганын байкоого болот.


Аллен Пэн бул аракетин «эволюциядан улам бутун жоготкон жыландарга буттарын кайтарып беребиз» деп түшүндүргөн. Жыландын жаңы «буттары» 3D принтердин жардамы менен жасалган. Азырынча экзоскелетти жаныбар башкара албайт. Ал өзү эле алдыга жыла берет.





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net