Добавить новость
123ru.net
World News
Июль
2022

"Центерра Голддун" акционерлери Кумтөр келишимине байланыштуу резолюцияны жактырды

0
Канадалык "Центерра Голд" компаниясынын акционерлери Кумтөр кени боюнча Кыргызстандын өкмөтү жана “Кыргызалтын” ачык акционердик ишканасы менен түзүлгөн келишимге байланыштуу резолюцияны жактырды. Бул документ 25-июлда акционерлердин коомчулук үчүн ачык онлайн жыйынында добушка коюлду.


Анын жыйынтыгы менен "Центерра Голд" компаниясынын вице-президенти Юсеф Рехман (Yousef Rehman) резолюция кабыл алынганын жарыялады. Дүйшөмбүдөгү жыйын көп убакытка созулган жок.


"Центерра" добуш берүүдөн кийин тараткан расмий маалыматка ылайык, резолюцияны компаниянын акционерлеринин 96,8 пайызы колдоду. 3,17 пайызы каршы болду.


Адатта акционерлердин үчтөн экиси колдоп добуш берген чечим “өттү” деп эсептелет. “Кыргызалтын” компаниясы акционер катары добуш берүүгө катышкан жок.


Бул документ "Центерра" менен кыргыз тараптын ортосундагы жазында кол коюлган келишим күчүнө кириши үчүн талап кылынган шарттардын бири болчу.


Канадалык компаниянын маалыматына ылайык, келишим күчүнө кириши үчүн Онтарионун Жогорку Сотунун да акыркы чечими керек. "Центерра" тиешелүү документтер бул сотко 28-июлда жөнөтүлүшү мүмкүндүгүн билдирди. 


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров быйыл 4-апрелде түз эфирде кайрылуу менен чыгып, “Центерра Голд” компаниясы менен Кыргызстандын ортосундагы талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге кол коюлганын кабарлаган. Ал муну менен Кумтөр толугу менен өлкө менчигине өткөнүн айткан.


“Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү. Биз кенди өткөн жылдын май айында ага тышкы башкарууну киргизген күндөн тартып эсептелишине жетиштик. Демек, 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза кирешелер – тагыраак айтканда, 323 миллион АКШ долларынан ашык каражат биздин менчик экендигин расмий түрдө таанытканга мажбурладык”, - деген анда Жапаров.


Ал "Центерра" өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди төлөп бермей болгонун, анын көлөмү болжол менен 11 млн. АКШ долларын түзөрүн билдирген. Мындан сырткары Кыргызстан тарапка рекультивациялоо фондунун 53 млн доллар келерин тактаган. Садыр Жапаров мындан тышкары “Центерра” АКШда, Швецияда жана Канадада кыргыз тарапка каршы бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болгонун белгилеген.


“Центерра” да Жапаровдун кайрылуусу башталган учурда билдирүү таратып, кыргыз өкмөтү менен мындай макулдашуу болгонун ырастаган. Компаниянын маалыматына ылайык, "Кыргызалтын" "Центеррадагы" 26 пайыз акциясын өткөрүп берет. 1-апрелге карата баасы 972 миллион Канада доллары деп эсептелген бул акциялар "Центерранын" колуна тийгенден кийин жоюлары айтылган.


“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Буга компания экологиялык эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн.


“Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, Кыргызстандын бийлигин Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Андагы соттук териштирүүлөр ушул убакка чейин уланып келген. (ErN)





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net