Добавить новость
123ru.net
World News
Июль
2022

Токаев: "Камбар-Ата-1" ГЭСи жөнүндө үч президент алдын ала макулдашты

0
Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жыйынында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев аймактагы гидроэнергетикалык ресурстарды пайдалануу маселесине токтолду. Анда саммитти утурлай Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттеринин жолугушуусунда "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга байланыштуу алдын ала макулдашуу болгонун билдирди.



"Казакстан транс чек аралык дарыялардагы суу ресурстарын бири-бирине пайдалуу шартта пайдалануунун алкагында биргелешкен гидроэнергетикалык стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет. Ушул аспектен алып караганда Кыргызстандагы "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоорун белгилесе болот. Кечээ биз үч президент бул маселени дыкат талкуулап, алдын ала конкреттүү, өтө пайдалуу макулдашууга келдик. ГЭС Борбор Азия өлколөрүндөгү энергетикалык коопсуздук камсыздоого, айы чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө жардам берет",-деди Токаев.



Өткөн айда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште Жалал-Абад облусундагы “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу боюнча Казакстан, Өзбекстандын вице-премьер-министрлери келерин билдирген.



Аталган ГЭСтин курулушуна даярдык иштери башталып, 8-июнда гидротоннел түшчү жерде жардыруу болгон. Ага президент Садыр Жапаров катышып, Кыргызстан 30 жыл мурда электр энергиясын экспорттогон өлкө болгонун, азыр тескерисинче аны сатып алып жатканын айткан.



Анын сөзүнө караганда, “Камбар-Ата-1” ГЭСи салынып бүтсө, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин толук иштешине шарт түзүлөт. Эки ГЭС тең иштесе, жалпы кубаттуулугу 1000 мВт жетет.



Президент долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана башка жумуштар үчүн бюджеттен 412,8 млн. сом бөлүнгөнүн, дагы 1,5 млрд. сом бөлүп берүү маселеси чечилгенин кошумчалаган. Бул каражат ГЭС курула турган аймакка транспорттук тоннел Нарын дарыясынын эки жээгин бириктирген көпүрө, электр чубалгыларын жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалат.



“Камбар-Ата-1” ГЭСи долбоорунун алкагында 2024-жылга чейин инфраструктура иштери жүрөт. ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда.



ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.



Айрым эксперттер бул абдан дымактуу аракет экенин, бирок аны толук ишке ашыруу үчүн негиздүү долбоор, техника-экономикалык олуттуу негиздеме жана чоң суммадагы каражат керектигин айтып жатышат.




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net