Добавить новость
123ru.net
World News
Июль
2022

Садыр Жапаров чек ара аймактарын достук менен ишенимдин көпүрөсүнө айлантууну сунуштады

0
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда сүйлөп жатып, чек ара аймактарын достук менен ишенимдин көпүрөсүнө айлантууну сунуштады. Ал аймакта болгон кайгылуу окуялар "деструктивдүү күчтөрдөн, анын ичинде диний фанаттарды жана кылмышкерлерди өз тарабына тарткан тышкы күчтөрдөн коопсуздукту камсыздоо маселелерин алдыңкы планга чыгарганын" белгиледи.



"Кыргызстан коңшу мамлекеттердин жетекчилигинин конституциялык түзүлүштү жана коомдук-саясий туруктуулукту калыбына келтирүү боюнча чечкиндүү жана акылман аракеттерин толугу менен колдойт. Мындан ары социалдык-экономикалык, улуттар аралык, диний жана башка шылтоолордон улам түзүлгөн коопсуздук кризистерине жол бербөө керек. Бул багытта өз ара аракеттерди бириктирүүгө чакырам", - деди Жапаров.



Садыр Жапаров аймактагы коопсуздук, стабилдүүлүк жана бакубатчылык андагы мамлекеттердин ортосундагы мамилелерден көз каранды экенин белгилеп, Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек арасын делимитациялоо иштери уланып жатканын айтты.



"Бул чек араларды тынчтыктын, достуктун жана ишенимдин ачык көпүрөсүнө, ал эми Фергана өрөөнүнүн өзүн Борбордук Азиянын чыныгы оазисине айландыруу үчүн сүйлөшүүлөр процессин өз ара пайдалуу түрдө аяктоо боюнча саясий эркибизди ырастагым келет", - деди.



Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымды түзүп, 2017-жылдагы макулдашуунун негизинде анын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% такталган.



Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган.



Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына кыргыз-тажик чек арасынын 664 чакырымы такталганын билдирсе, 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында аны ырастаган.



Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака 2021-жылдын апрель айында болгон кандуу окуядан кийин солгундап кеткен. Мындан улам Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. (КЕ)





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net