Добавить новость
123ru.net
World News
Июль
2022

Жаныбек Оморов: "Камбар-Ата-1" ГЭСи Борбор Азияга пайдалуу долбоор

0
Энергетика маселелери боюнча эксперт Жаныбек Оморов "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу тууралуу Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын алдын ала макулдашып, орток пикирге келгенин оң баалады. Долбоордун аймакка тийгизген пайдасына токтолду.



"Буга чейин долбоорго саясий каршылыктар болуп, саясий кызыкчылыкка басым жасалып келген. Азыр эми шарт, геосаясий абал өзгөргөнүнө жараша колдоо таап жатканы абдан жакшы. Эгер курулса, Кыргызстанга эле эмес, жалпы чөлкөмгө пайдасы тие турган ири ГЭС болот. Ошон үчүн муну башка мамлекеттер деле түшүнүп жатса керек. Анан калса электр энергиясынын баасы барган сайын кымбаттап баратат да. Кызыкчылыкты туура пайдаланса, Казакстан менен Өзбекстан кошулса жакшы эле болот. Бир гана нерсе, ушул долбоорду Кыргызстан колго алып, ээлик кылышы керек. Коңшу мамлекеттер болсо үлүшү менен гана кирип, ошого кызыкдар болсо жакшы болмок. Бул ГЭС Токтогул суу сактагычына кошумча 3,5 миллиард кубга чейин суу берет жана анын сугат маселесин чечүүдө да чоң жардамы тиймек".



Чолпон-Атадагы саммитте Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев аймактагы гидроэнергетикалык ресурстарды пайдалануу маселесине токтолгон. 



Өткөн айда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште Жалал-Абад облусундагы “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу боюнча Казакстан, Өзбекстандын вице-премьер-министрлери келерин билдирген.



Аталган ГЭСтин курулушуна даярдык иштери башталып, 8-июнда гидротоннел түшчү жерде жардыруу болгон. Ага президент Садыр Жапаров катышып, Кыргызстан 30 жыл мурда электр энергиясын экспорттогон өлкө болгонун, азыр тескерисинче аны сатып алып жатканын айткан.



Анын сөзүнө караганда, “Камбар-Ата-1” ГЭСи салынып бүтсө, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин толук иштешине шарт түзүлөт. Эки ГЭС тең иштесе, жалпы кубаттуулугу 1000 мегаваттка жетет.



Президент долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана башка жумуштар үчүн бюджеттен 412,8 млн. сом бөлүнгөнүн, дагы 1,5 млрд. сом бөлүп берүү маселеси чечилгенин кошумчалаган. Бул каражат ГЭС курула турган аймакка транспорттук тоннел Нарын дарыясынын эки жээгин бириктирген көпүрө, электр чубалгыларын жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалат.



“Камбар-Ата-1” ГЭСи долбоорунун алкагында 2024-жылга чейин инфраструктура иштери жүрөт. ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда.



ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.



Айрым эксперттер бул абдан дымактуу аракет экенин, бирок аны толук ишке ашыруу үчүн негиздүү долбоор, техникалык-экономикалык олуттуу негиздеме жана чоң суммадагы каражат керектигин айтып жатышат.





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net