Израиль Газага сокку урду
АФП агенттиги палестиналык булактарга шилтеме кылып жөөт аба күчтөрү эки миллиондой киши жашаган Хан Юнус шаарынын жанындагы кеминде бир жайга сокку урушканын кабарлады.
Израиль Коргоо министрлиги “ХАМАС террордук уюмунун аскердик объектилери” бутага алынганын маалымдады. Мекеме “террорчулардын Хан Юнустагы штабына" сокку урулганын кошумчалап, бирок жабыркагандар тууралуу билдирген жок.
Анын алдында, шейшембиде ашынган улутчулдар оккупацияланган Чыгыш Иерусалимде жүрүшкө чыгышкан, айрымдары “арабдарга өлүм” деп ураан чакырып жатышты. Палестиналыктар муну провокация катары сыпаттап, "Фатах" жан ХАМАС уюмдары Газада жана Израил басып алган Иордан дарыясынын батыш жээгинде “каардануу күнүн” өткөрүүгө үндөштү.
Май айында аймакта кырдаал курчуп, 11 күнгө созулган куралдуу жаңжалда, Газанын бийлиги маалымдагандай, 260 киши, арасында согушкерлер өлгөн. Израил тарапта 13 киши, ичинде бир жоокер Газадан атылган ракеталардан окко учканын жөөт армиясы билдирген.
