“Жарандык агартуу академиясынын” сабактары башталды
Бүгүн академиянын угуучуларына белгилүү тарыхчылар, саясат талдоочулар, окумуштуулар Кыргызстандын эгемендик жолу, демократия тууралуу дарстарын окуп жатышат.
Сабактар Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналып уюштурулду.
“Жарандык агартуу академиясы” – талкуу жана анализ жүргүзүү үчүн ачылган эркин аянтча. Долбоордун максаты – Кыргызстандын ар кайсы аймагынын, тармактардын жана кесиптердин ээси болгон активдүү, прогрессивдүү лидерлерин тарбиялоо. Сабактарга каалоочулар арыз берип, катыша алат. (RK)
