Өспүрүм каза болгон Балдар үйүнүн директорун иштен четтетүү сунушталды
Балдар үйүндө өткөн жыйынга тийиштүү мекемелердин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышканы, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү, Билим берүү жана илим министрликтеринин тийиштүү кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо тууралуу чечим кабыл алынганын айтылды.
Өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу анын бир тууганына жана бул Балдар үйүндө тарбияланып жаткан бардык балдарга психологиялык жардам көрсөтүлмөй болду.
Сокулук райондук ички иштер башкармалыгы 6-класстын окуучусу Игорь Якуниндин өлүмүн быйыл 1-июнда каттаган.
Чүйдүн Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүндө жетим жана кароосуз калган балдар тарбияланат.
Мекеменин жетекчилиги окуя тууралуу азырынча өз комментарийин бере элек. (RK)
